Жалал-Абад мэриясынын дагы 3 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Мекеме карантинге жабылды

Жалал-Абад шаардык мэриясынын кызматкерлери аралыктан иштөөгө жөнөтүлдү. Ал эми мекеме карантинге жабылды дейт мэриянын басма сөз кызматынын өкүлү.

"Мэрия бүгүндөн, тагыраагы 22-июндан тартып карантинге жабылды. 18-июнда шаар мэри Мураталы Тагаевден коронавирус илдети аныкталып, эртеси күнү мекеменин 50дөй кызматкери анализ тапшырышкан. ПЦР-анализдин жыйынтыгы дагы 3 кызматкерде илдет бар экенин тастыктады. Оору аныкталган кызматкерлерде илдеттин белгилери байкалбай өтүп жаткандыктан, үй шартындагы карантинде болушат.

Калган кызматкерлер дагы үй карантинине жөнөтүлдү. Мэрия аралыктан иштөөнү улантат, ал эми штаттык режимде качан иштей турганы азырынча белгисиз", - деди маалымат катчы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан