Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук процесс аягына чыгып жатат. Анда "коррупция" беренеси боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды. Ошондой эле ага карата үй-мүлкүн конфискацияга алуу, мамлекеттик бардык наамдарынан жана сыйлыктарынан ажыратуу боюнча чечим чыкты.
Мурдагы президент соттук отурумга катышкан жок жана анда акыркы сөзүн сүйлөөдөн да баш тарткан.
Буга чейинки соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратууну суранган.
Жалпысынан кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адам айыпталуучу катары каралган. 2019-жылдын август айына карата алардын 14ү үй камагына алынып, 4өө камакта кармалып, 1өө издөөгө жарыяланган эле.
Окуянын чоо-жайы:
Мындан 7 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.
2019-жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.