Жактоочу: "Кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча соттук процесс токтотулган жок"

Кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча жүрүп жаткан соттук процесс токтотулган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Сергей Слесарёв билдирди.

Жактоочунун айтымында, Жогорку Сот тарабынан соттук процесстерди токтотуп туруу чечими кабыл алына элек.

"Андыктан Батукаевдин иши боюнча процесс дагы уланмакчы. Анын кийинки отуруму Биринчи Май райондук сотунда 31-мартта саат 14:00гө белгиленген. Эпидемиологиялык абалды эске алып, процесске тиешелүү адамдарды катыштырат экен. Бирок ошентсе деле сот, жакточуулар, прокурор жана конвойдогулар менен айыпталуучулардын өздөрүн эсептегенде залда адамдар көп болот. Ал эми Кой-Таш окуясы боюнча процесс кийинки аптанын 30-мартына жана 1-2-апрелине белгиленген", - дейт жактоочу.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
chake
2020-03-26 12:36:12
эмнеге токтойт эртерээк өкүм чыгарып жазасын бериш керек бул күспүрүштөрдүн
+2
robot111
2020-03-26 12:49:43
Атамбаев Батукаевди бошотуп, Кыргызстанды дүйнө элине шылдың кылды. Биздин мамлекеттин кадыр-баркына доо кетирди. Башка мамлекеттерге бизде мыйзам иштебей эле акча маанилүү ролду ойной турганын далилдеди. Убагында Батукаев деле кыргыз бийлигин теңине алган эмес. Тоготуп дагы койгон жок. Ошонун кесепетинен биздин аткаминерлерди кызылдай акчага сатып алып, адамдардын коштоосунда өлкөдөн чыгып кетти.
+1
Jaznura
2020-03-26 13:30:46
Атамбаевдин Кой-Таштагы соттук процесстерин да токтотпой уланта бериш керек.
0
Alimbek1000
2020-03-26 13:34:47
Коронавирусту шылтоо кылып пайда тапкысы келгендер да толтура да
0
akmanai
2020-03-26 13:36:03
Чубактын чуусундай чубалган Батукаевдин соту бутпос болду го. Сотко катышып жаткандар зееригип да кетишкендир)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан