Бүгүн, 29-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши каралып, соттук отурум 6-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум саат 15:00гө белгиленген.
"Алмаз Шаршеновичтин айтымында, тергөө изоляторуна жаш конвойлор кирген. Эгер ал барбайм деп баш тарта турган болсо күч колдонулуп, ызы-чуу орун алмак. Мындан улам экс-президент кызматкерлерди ыңгайсыз абалга салбайын деп макул дептир. Бирок баса белгилеп айта кетейин, ал өзүнүн эрки менен келген жок.
Жакында эле интернетке Алмазбек Атамбаев менен Шамиль Атахановду беттештирүү протоколу чыгып кетти. Протоколдо акча алуу же берүү тууралуу айтылган эмес. Алмазбек Шаршеновичке Батукаев же Атаханов тарабынан берилген кандайдыр бир материалдык баалуулуктар да жок. Протоколдо Жаныш Бакиевди алып келүү максатында Азиз Батукаевди өткөрүп берүү боюнча келишим түзүлгөндүгү маалымдалат. Бул Атахановдун сөзү, бирок мындан коррупцияны көрүүгө болбойт. Купуя сырды камтыйт деп 27-томго киргизилген бул протоколдо эч кандай сыр жок. Эгер мамлекеттик деңгээлдеги сыр болсо анда кылмыш жок. Кылмыш жок болсо, бул ишти сотто кароого болбойт.
Сотто жактоочулар бул иш менен тааныш эмес экенибизди айтып өтүнүчтөрдү киргиздик. Сот өтүнүчтөрдү канааттандырып соттук отурумду 6-декабрга дайындады", - дейт Жоошев.