Жактоочу: "Кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча Улуттук гематология борборунун дарыгери көрсөтмө берди"

Тектеш кабарлар: Азиз Батукаев боюнча соттук иш (83 материал)

Кечээ, 4-февралда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум жабык өттү.

Анда Улуттук гематология борборунун дарыгери күбө катары сурак бергенин жактоочу Замир Жоошев айтты.

"Күбө болгон дарыгер Дамира Байзакова Батукаевдин иши боюнча депутаттык комиссиянын курамына кирген экен. Комиссияга медициналык документтер, анализдердин негизинде Батукаев чындыгында эле рак илдети менен ооруган деген корутунду чыгарышкан. Бирок күбө болгон дарыгер, ал анализдер чындыгында эле Азиз Батукаевге тиешелүү экенин так айталбашын билдирди. Башкача айтканда, комиссия иликтеген медициналык документтер башка адамдыкы деле болушу мүмкүн. Жактоочулардын аны кантип аныктаса болот деген суроосуна күбө Батукаевдин өзүнөн кайрадан анализ алыш керек деп жооп берди. Бирок депутаттык комиссиянын корутундусу юридикалык күчкө ээ эмес экенин белгилеп өткүм келет. Анткени анализдер боюнча соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн эмес. Мындан тышкары, дарыгер Азиз Батукаев ооруса, азыр тирүү жүрмөк эместигин айтты. Менин "Анын тирүү экенин кайдан билдиңиз?" деген суроомо "массалык маалымат каражаттары аркылуу" деп жооп берди", - дейт жактоочу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Alimbek1000
2020-02-05 13:53:05
Көрсөтмө бергенде деле ошол Атамбаев күнөөлүү! Президент болуп туруп өзү крыша болуп турган соң эчким унчуга алган эмес да
+1
Absamat-90
2020-02-05 13:53:22
Былыктын баары бетке чыгып баштады.
0
chake
2020-02-05 13:55:37
АША күнөөлүү экенин бешиктеги бала деле билип калды го дейм
0
J1irg
2020-02-05 13:56:24
Азыркы Батукаев ишин азыркы бийлик ойлоп чыгарды. Мунун башында Сооронбай Жээнбековтор турат. Бул иш эч качан акыйкат иликтенбейт. Баардык иштер азыркы Жээнбековтун кызыкчылыгына чечилип турат.
+1
Jaznura
2020-02-05 14:02:36
J1irg,Батукаевдин чыгышына Атамбаев күнөөлүү.
-1
AksyKum
2020-02-05 14:05:41
J1irg,Батукаев кимдин убагында бошотулган озу.ойлонуп жазыш керекда
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан