Алматыдагы ири спорттук аянтчаларды коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоочу жай катары пайдалануу каралууда

Казакстандын Алматы шаарындагы ири спорттук аянтчаларды коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоочу жай катары пайдалануу мерчемделүүдө. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Камалжан Надыров билдирди деп жазышат казак басылмалары.

Маалыматка ылайык, Алматы шаарында бүгүнкү күнгө карата 2 986 бейтап үй шартында дарыланууда. Ал эми ооруканалардагы бош орундардын саны 1940. Мындан улам инфекциялык оорулуулар үчүн кошумча орундарды даярдоо маселеси каралууда.

"500 кишиге ылайыкташкан орундуктарды "Халык Арена" базасында, "Темир жол ооруканалары" акционердик коомунун базасында 150 кишилик орундук даярдоо маселеси каралып жатат. Эгерде эпидемиологиялык абал курчуп кетсе, анда "Алматы Арена" спорт аянтын госпиталь катары колдонсок болот", - деген Камалжан Надыров.

Аталган өлкөдө акыркы маалыматка ылайык, коронавирус менен ооругандардын саны 18 миң 231ге жетсе, анын 11 миң 158и илдеттен арылды. Каза болгондор 127 болду. Ал эми 10 миң 625 бейтапта коронавирустун белгилери байкалбай өтүп жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан