УКМКнын тергөө изоляторунда отурган экс-депутат Каныбек Осмоналиев 23-июнь күнү ден соолугу начарлап жатканын айтып, "Тез жардам" кызматы чакыртылган. Учурда анын абалы канааттандырарлык дешти УКМКнын маалымат кызматынан.
"Осмоналиевдин абалы канааттандырарлык. Ага тиешелүү медициналык текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен дарылануудан өтүүдө. Ошондой эле Осмоналиев COVID-19га карата ПЦР-анализ тапшырды.
Каныбек Осмоналиевдин жактоочулары тараткан Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери массалык түрдө коронавирус илдетин жугузуп алышы мүмкүн деген маалымат чындыкка дал келбестигин билдирет. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тиешелүү медициналык текшерүүлөрдөн тынымсыз өтүп жатышат", - дешти мекеменин басма сөз кызматынан.
Каныбек Осмоналиев Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен 2-мартта өткөн митингди уюштурган деп айыпталууда. Ага Кыргыз өлкөсүнүн Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 309-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Сот 29-апрелде экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин бөгөт чарасын карап, камактагы мөөнөтүн 3-июлга чейин узарткан.