Казакстан коронавирус инфекциясынын айынан дагы эки шаарын жабууга аргасыз болду

Коңшу Казакстанда коронавирус инфекциясы күчөп жаткандыгына байланыштуу өлкө бийлиги 24-июндан баштап дагы эки шаарын жапмай болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Ага ылыйык, Казакстандагы Кокшетау жана Степногорск шаарларына кирүү жана чыгуу пункттары белгиленип, блокпосттор орнотулду.

“Шаар ичинде жүрүүгө белгилүү гана категориядагы адамдар кирет. Саат 22:00дөн эртең мененки 06:00гө чейин жергиликтүү тургундардын кыймылы толугу менен токтотулат”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Акмола облусунда ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынып, көңүл ачуучу борборлор, кинотеатр, театр жана көргөзмөлөр жабылат.

Казакстан Кытай жана Орусия өлкөлөрү менен чектеш болгонуна байланыштуу өлкөдө өзгөчө абал алынгандан кийин коронавирустун дагы да жайылышын токтотууга аркет кылып жатышат.

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда жалпы 18 миң 765 адамдан коронавирус аныкталды. 134 адам каза болсо, 11 миң 514 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан