"Аялым менен үйдө отурганча айып төлөйүн". Италияда карантинде үйүнөн тажап, атайын тартип бузган жаран кармалды

Италиянын Флоренция шаарынын полициясы карантин эрежелерин бузган велосипедчен жаранды токтотушкан. Тартип бузган адам үй-бүлөсү менен үйдө отургандан тажап, карантинди бузганын айткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Велосипедчен жаранды Флоренциянын четинен кармашкан. Полиция эмнеге карантин эрежесин сактабай жатканын сурашканда ал үйдө жубайы, кыздары менен отургандан тажагандыгын жана алар менен отурганча айып төлөгөнү жакшы экендигин билдирген. Укук коргоочулар арызданган жаранды тартипти бузганы үчүн айыпка жыгып, кайра үйүнө кайтарышкан.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
algakaray
2020-04-13 18:44:57
Ошондо айалы коронавирустан да жаманбы?
+4
KalenAlmaz
2020-04-13 19:18:04
algakaray,ошондой карона кобра екен да жубайы
+4
bond0202
2020-04-13 19:20:38
2-вариантты тандаптыр да
+3
Aybiyke
2020-04-13 19:37:52
Мага жакты
+3
erlanspb
2020-04-13 20:13:08
Уйундо аяалы меесин жей берсе жинденип чыгып кеткенго кимге зыйан еми озуно еле
+2
Samatalibei
2020-04-14 01:02:04
Азыр ар бир үйгө ынтымак керек. Балдарга кыйын болду үйдөн тажап кысылып отурушса онлайн сабак кошумча болуп кыйналып кетишти. Баардык уй бүлөөгө тынч жашоо сабыр берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан