Ошто 32 жаштагы жарандын үстүнөн тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаары, Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ош ШИИБинин тергөө кызматы 32 жаштагы тургундун үстүнөн "санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу" беренеси менен иш козгоп, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.
"Аталган жаран апрель айында Орусиядан келген. Учурда аталган жаран, атасы жана бир тууган агасы COVID-19 илдетин жуктургандыгы аныкталып, Ош шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланууда. Ал эми аны менен жакын байланышта болгон дагы 6 тууганы обсервацияга алынып, анализдеринин жыйынтыктары күтүлүүдө", - деп билдиришет маалымат кызматынан.