Бүгүн, 25-июнда парламентте "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору колдоо тапты.
79 депутат "макул" деп, 10 эл өкүлү "каршы" добуш берди.
Мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери депутат Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова. Долбоордо интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Эгерде, кандайдыр бир сайтка же баракчага чындыкка дал келбеген маалыматтар жарыялана турган болсо, өкмөт дароо блокко салат жана ал жоопко тартылат.
Талкуу маалында депутаттар Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев жана Эльвира Сурабалдиева аталган мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришкен. Депутат Наталья Никитенко да мындай цензура киргизүүгө болбой тургандыгын белгилесе, депутат Жанар Акаев мыйзамды техникалык жааттан алганда аткаруу мүмкүн эмес экендигин айткан.
Бүгүн бул мыйзам долбооруна каршы митинг дагы өттү.