Кыргыз Республикасынын делегация курамында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу президенттик аппараттын бардык кызматкерлери илдетке карата анализ тапшырышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
Анализдердин жыйынтыгы боюнча, аппараттын 8 кызматкеринде коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды. Бул 8 адам буга чейин коронавирус жуктуруп алган президенттик аппараттын 2 кызматкери менен байланышта болгон.
Бул илдеттин мүнөзүн жана биринчи анализдеги күмөндүү учурларды эске алуу менен бардык кызматкерлер кайрадан анализ тапшырышат, ага жараша, жыйынтыктар өзгөрүшү мүмкүн.
Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, илдет белгилери жок өтүп жаткандыгын эске алуу менен алардын баары үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат.
Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери алыстатылган тартипте иштөөсүн улантышууда.
Буга чейин 24-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Москвага барып, бирок аны коштоп барган 2 адамдан коронавирус аныкталганы үчүн парадга катышпай калган. Ал 2 адамдын бири президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, экинчиси күзөт кызматынын бир кызматкери. Бишкекке келгенден кийин коронавируска тапшырган Сооронбай Жээнбековдун анализи таза чыккан. Мамлекет башчысы учурда өз алдынча обочолонууда.