Кечээ, 24-июнда Москвадан келери менен президент Сооронбай Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү коронавируска карата кайрадан тест тапшырышты.
Мамлекет башчысынын тапшырган анализинин жыйынтыгы таза чыкты. Жээнбеков өз алдынча обочолонууда болууну улантат жана ишин алыстатылган тартипте жүргүзөт.
Ошону менен бирге президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен күзөт кызматынын кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды. Аларда илдет белгилери жок өтүп жаткандыктан, бүгүндөн тарта үйдө обочолонуу шартында дарыланышат.
Делегациянын калган мүчөлөрү менен коштоп барган адамдардын илдетке карата кайрадан тапшырган анализдери таза чыкты. Алардын өз алдынча обочолонуу шартында болуусу уланууда.
Президентти Москвага коштоп баргандардын экөөнөн коронавирус аныкталганы үчүн Сооронбай Жээнбеков парадга катышпай калган.