Акыркы сутка ичинде республика боюнча коронавирустан 2 бейтап каза болду.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, каза болгон жарандар Бишкек шаарында катталды. Алар вакцина алышкан эмес.
Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2818 кишини түздү.