Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Тажикстан менен Түркмөнстанда коронавирус жок деген жагдайды текшерет

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Тажикстан менен Түркмөнстанда бүгүнкү күнгө чейин коронавируска кабылгандар жок деген жагдайды текшерет. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышууда.

Анда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү аталган эки өлкөгө келишип, бийликтин вирус каттала элек дегени боюнча текшерүү жүргүзүүгө камданып жатканы айтылат. Тажикстан менен Түркмөнстанга келген эксперттер шаарларга, медициналык жайларга жана ири мекемелерге барышып, текшерүү жүргүзүшөт. Мындай текшерүүдөн кийин эксперттер ырасында эле коронавирус менен ооругандар бар же жок деген жыйынтыкка келишип, өлкөдөгү абалды баалайт. Мындан тышкары уюмдун адистери вирустан коргонууну жакшыртуу боюнча өздөрүнүн сунуштарын айтмакчы.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө 11 мамлекетте коронавирус аныктала элек. Ага Тажикстан менен Түркмөнстан дагы кирет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
sirenaaaaa
2020-04-24 12:03:44
Тажикстандын маалыматы жакпай эми барып коруп келели деген экен да. Трамп вирусту шылтоолоп кытай менен согуш баштабаса болду.
+2
murat17
2020-04-24 13:19:05
sirenaaaaa,баштасынчы
-1
KalenAlmaz
2020-04-24 12:10:09
Силер келгичен тажиктер гомуп бутту
+3
Milduri
2020-04-24 12:10:57
Келип текшерип тапканы менен тажик, түркмөн бийлиги көп өлчөмдө акча беришип ооздорун жаап кетирип жиберишет, бул өлкөлөрдө вирус чыгып аябай көбөйүп кетсе деле бийлик башындагылары бизде жок, катталбады деп айта беришет.
+1
AksyKum
2020-04-24 12:30:30
Бут дуйного тараттык эле кандай эле жок болтат деп кабатырланып жатканго
+10
ZUXRIDDIN20
2020-04-24 12:49:59
AksyKum,ошондойго
+1
Mintip-menu-suybo
2020-04-24 12:58:27
Уже пневмониядан 4 тон ашык адам олду, 1 мектеби, 1 больницасы жабылды карантинге деп атышат го. Пневмония менен ооругандардан жукпайт башкаларга дешет, а булар неге карантин деп жабып атышат? Ошого шекшип атышат да... Текшергиле , туптуура... Коронавирус болсо чыгат жакындарынан... Олгондорду казып алып текшергиле...Булар алдайт... Биз жакынбыз , бизге да кесепети тийбесин...
+2
AksyKum
2020-04-24 13:35:24
Mintip-menu-suybo,анан сени кантип суйоюн
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан