Кыргыз өлкөсү 30 миң экспресс-тестти Кытайдан алат

Коронавирусту аз убакыт ичинде аныктоочу экспрес-тесттен 30 миң даана алынат. Мынча көлөмдөгү тесттер Кытайдан алынат.

Республикалык штабдын тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилиги менен биргеликте экспресс-тесттерди 112 миң 500 долларга алуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүштү.

Вирусту аныктоочу каражаттар Саламаттыкты сактоо министрлигине жакынкы убакытта жеткирилет.

Буга чейин 22 миң 500 долларга 5 миң даана экспресс-тест ыкчам алып келинген. Экпресс-тесттерди алууну өкмөт каржылап жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан