Бүгүн, 15-мартта Франциядан Өзбекстанга келген жарандан коронавирус аныкталды. Аны менен учакта 48 жүргүнчү болгон. Жүргүнчүлөр жана 9 экипаж мүчөлөрү дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. Ал эми коронавирус менен жабыркаган аялдын үй-бүлөсүндөгү 10 киши өзгөчө көзөмөлдө экенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Коронавирустун өлкө аймагында катталганына байланыштуу Өзбекстан бийлиги 16-марттан баштап бардык билим берүү мекемелери, бала бакчалар үч аптага карантинге жабылсын деген чечим кабыл алды.
Мындан тышкары 16-марттан баштап Өзбекстандын башка өлкөлөр менен болгон аба жана автотранспорт каттамдары жабылсын деген өкмөттүн чечими чыкты. Ал эми темир жол каттамдарын жабуу маселеси 3 күндөн кийин каралмакчы. Ошондой эле Нооруз жана башка массалык иш-чаралар токтотулду деп жазылат маалыматта.
14-мартта Кытай, Түштүк Корея, Италия, Иран, Франция, Испания мамлекеттеринин жарандарына Өзбекстандын аймагына кирүүсүнө тыюу салынган. Ошондой эле аталган өлкөлөрдө болгон Өзбек жарандары, жарандыгы жоктор милдеттүү түрдө 14 күнгө карантинге алынат деген чектөө киргизилген.