"Ошто ПЦР-анализди жүргүзүүчү реактивдер калбай калдыбы?". Дарыгердин жообу

Ош шаарындагы санитардык-эпидемиологиялык станциясынын вирусология лабораториясында ПЦР-анализдерди жүргүзүү үчүн керектелүүчү реактивдер (микропробниктер) калбай калды. Буга байланыштуу 1 миң 753 адамдын анализи тоңдурулуп турат. Мындай маалыматты Оштогу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Өмүрзак Мырзалиевге таянуу менен бир катар маалымат булактары жазып чыгышкан.

Бул боюнча бүгүн, 2-июлда Өмүрзак Мырзалиевдин өзүнө байланышканыбызда, учурда реактивдер жетиштүү экенин билдирди.

"Бүгүнкү күндө Ош шаарынын санитардык-эпидемиологиялык станциясынын вирусология лабораториясына 1000ден ашык реактивдер келди. Дагы кошумча реактивдер алып келингени жатат. Анализдерди кабыл ала баштадык. Мындан тышкары мурда тоңдурулган анализдер дагы четинен аныктала баштады. ПЦР-анализ жүргүзүү үчүн микропробниктер жетишерлик санда деп айта алам", - деди дарыгер.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан