"Дордой" соода түйүнүндө иштеген айымдар ооруканаларга 30 даана кычкылтек концентратын алып бермей болушту. Бул тууралуу Инаят Ниматова аттуу айым социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Дордойдо иштеген айымдар 100 доллардан 500 долларга чейин чогултуп, кычкылтек концентратын алууга каражат топтоп баштаганбыз. Буюрса, 30 даанасы үчүн акча топтолду. Калган сумма дагы да болсо чогулууда", - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.
Белгилүү болгондой, "Дордой" соода түйүнүндө иштеген бир нече айым биригип, "Нурлуу, кайрымдуу кыздар" ыктыярчылар тобун түзүшкөн.