Өткөн суткада (3-июлда) өлкө боюнча пневмония илдетинен 31 бейтап кайтыш болсо, 2 адам коронавирустан каза болду. Мындай маалымат Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан белгилүү болду.
Бүгүн, 4-июлга карата республика боюнча пневмония илдети аныкталгандардын жалпы саны 3 миң 9га жетсе, анын 2 миң 122си ооруканаларда дарыланууда. Айыккандар 736ны түзсө, тилекке каршы пневмониядан 151 бейтап көз жумду.
Ал эми бүгүнкү күнгө карата коронавирус инфекциясы 7 миң 94 адамга жайылып, анын 2 миң 714 бейтабы ооруну жеңип чыкты. Каза болгондор 78ге жетти.
Жогорудагы маалыматтар өлкөдө коронавирус инфекциясы аныкталгандан бери, тагыраагы март айынан берки статистика.