Бишкекте жана Чүйдө COVID-19 илдетинен жабыркаган бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар даярдалууда

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда коронавирус илдетинен жабыркаган жарандарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар даярдалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, 6-апрелден баштап COVID-19 илдетинен жабыркаган бейтаптарды кабыл ала баштайт.
"Бишкек шаарында Улуттук госпиталда - 110 орун. Анын ичинен 10 орун интенсивдүү терапия алуу үчүн даярдалууда. Ал эми Чүй облустук бириктирилген ооруканада 55 орун, анын ичинен 5 палата интенсивдүү терапия үчүн коюлат", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бир сутка ичинде COVID-19 илдетин 139 адам жуктуруп алса, алардын ичинен 123 бейтап борбор калаада катталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан