Бүгүн, 9-апрелде тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев чет өлкөдөгү Кыргыз жарандары тууралуу маалымат берүүдө.
Ниязалиевдин берген маалыматына ылайык, 9-апрелге карата чет өлкөдө жашаган 23 жарандын коронавирус жуктурганы аныкталган. Бириккен Араб Эмирлигинде 3өө (алардын бири айыгып, ооруканадан чыккан), Индияда - 1, Пакистанда - 7, Испанияда 1 студент (үйүндө карантинге алынган), Малайзияда 4 студент (1өө айыгып чыккан, экөө айыккан, ооруканадан чыгууну күтүп жатышат).