Вируска каршы дарыларды сынап жатканда, ремдесивир дарысы гана COVID-19га жакшы натыйжаларды көрсөттү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы изилдөөчүсү Сумия Сваминатан билдирди деп жазышат чет элдик басылмалар.
Адистин айтымында, бейтаптардын ооруканага кайрылуусун азайтууда ремдесивир натыйжалуулугун көрсөткөнү менен коронавирустан каза болууну азайткан эмес. Изилдөө учурунда бул дарыны ичип жаткан бейтаптар тезирээк айыкканын айтышкан. Тагыраак айтканда, ремдесивирди ичкендер 11 күндө айыкса, бул каражатты колдонбогондордун ооруну жеңип чыгуусуна 15 күн керектелген.
Ремдесивир алгач гепатит С жана респиратордук синцитиалдык вирусту дарылоо үчүн тесттин бир бөлүгү катары иштелип чыккан, ошондой эле эболаны дарылоо үчүн иштелип чыккан.
Буга чейин Кытай, Малайзия, Чехияда, АКШда коронавируска каршы ремдесивир дарысын колдонушкан. Ал эми Мексикада ремдесивир дарысы коронавируска каршы күрөшүүдө өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөткөнү айтылган.