Шайлоо-2020: Шайлоого кайсы партиялар аттанып жатат (тизме)

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка 4-июлда кол койгону маалымдалган.

Ага ылайык, алгачкылардан болуп шайлоого катышуу ниетин «Мекенчил» саясий партиясы билдирген. Партия лидери Камчыбек Ташиевдин колу коюлган кабарлама БШКга 4-июлда келип түшкөн.

Мындан тышкары шайлоого катышуу тууралуу кабарлама берген партиялар төмөнкүлөр:

  • "Ата-Мекен" саясий партиясы. Партия лидери Өмүрбек Текебаевден кабарлама келген;
  • "Мекен ынтымагы" партиясы. Партия лидери Темирбек Асанбековдон кабарлама келген;
  • "Бирик" партия жетекчиси Кылыч Исамамбетовдун колу коюлган кабарлама келген;
  • "Бийлик элге" саясий кеңештин төрагасы Калдан Эрназарованын колу коюлган кабарлама келген;
  • "Ордо" партия жетекчиси Мирбек Мияровдон кабарлама келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Snare
2020-07-06 18:49:13
Депутаттык шайлоо откорбой эле,ошол акчаны элге болуп берсин.Ачка отургандарга.
+6
Tolkun555
2020-07-06 18:55:27
Эн башкысы акчага сатылбагылачы туугандарым.
+10
Atas
2020-07-06 19:07:46
бшк таза шайлоо өткөрөөрүнө көзүм жетпейт , баягы эле жүздөр алардын туугандары эле келет
+5
jazmina909090
2020-07-06 19:11:53
Азыр не до выбора элдер кыйналып өлүп атса ушул зарылбы бизге абал турукташкандан кийин билген ишинерди кылгыла
+6
nurali1989
2020-07-06 19:33:48
Жанылануу болоор бекен, же мурунку 90 жылдан берки болуп келе жаткан атка минерлер болобу дагы. Депутаттар пенсияга чыгабы озу
+3
Qwer007
2020-07-06 20:06:58
nurali1989, элдик партиялар оздору бирикбей жатбайбы
+3
OrthodoxaPeccator
2020-07-06 19:38:09
ККП шайлоого аттанса чын журоктон колдойм.
-4
Qwer007
2020-07-06 20:05:57
Дагы элдин шору экенда, айланайын элдик партиялар /чон казат, мекенчил, бутун Кыргызстан/ эмнеге бирикбейсинер. Элдин баары болунуп бирин да отбой каласынар дагы. Баягы эле атын озгорткон эски жепжутар партиялар келет эми
+2
Aijamal_95
2020-07-07 09:14:59
Азыр шайлоону ойлойтурган болтабы элдер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан