Өлкөгө 533 Кыргыз жаранынан турган колоннанын экинчи партиясы келди. Орусиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан мекенине жалпы 1 миң 496 жаран Кыргыз өкмөтү бөлүп берген 32 автобус менен кайтып келишти. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Орусиядан Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер Кыргыз өлкөсүнүн президенти жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруунун алкагында, Казакстандын аймагы боюнча транзиттик коридорду берүү жөнүндө жетишилген сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашты.
Тышкы иштер министрлиги коронавирус пандемиясынын жайылып жаткандыгына байланыштуу Казакстандын аймагына чет элдик жарандардын кирүүсү чектелгендигин эскертет.
Ошондой эле Орусиянын аймагындагы Кыргыз жарандарын Орусия менен Казакстандын мамлекеттик чек арасына чек ара ачылганга чейин барбоого чакырат.