Пекинде сутка ичинде COVID-19 илдети менен катталгандар болгон жок. 11-июндан бери мындай көрүнүш Пекинде биринчи жолу болгондугун дүйнөлүк маалымат каражаттары жазышууда.
Пекинде "Синфади" дүң базарынан вирус чыккан. Мындан улам базар жабылып, катуу көзөмөл чаралары киргизилген. 11-июндан бери 335 адам вирус менен катталган. Ооруканаларда 320 адам калса, 15 адам оорудан сакайган. Дагы 11 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө экендиги жазылат маалыматта.
Коронавирустун алгачкы очогу болгон Кытайда 84 миң 889 адам вируска кабылса, алардын ичинен 4 миң 641 бейтап каза болду. 79 миң 725 бейтап оорудан сакайган.