Бишкекте ооругандардын саны азайып, стационарлар жабылып жатат

Бишкек шаарындагы Жал кичи районундагы стационар жабылды. Бул тууралуу аталган жайда иштеген ыктыярчы Бектур Кыргыз билдирди. Анын айтымында, стационарда иштеп жатканда 3 миңден ашык бейтапка жардам беришкен.

"Бул айтылган сан болжолдуусу гана. Сакайып батасын бергендердин так санын билбейм, бирок койгон максатыбызга жеттик деп ишенем. Ар бир көмөктөшкөн инсандарга Аллах ыраазы болуп, бекем ден соолук берсин! Буюрса ар бирибиз сүйүнүп, той топурларда көрүшөлү", - деди ыктыярчы.

Белгилей кетсек, буга чейин убактылуу ачылган 2 стационарда дарыланып жаткан бейтаптар жок калганына байланыштуу жабылган болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
erkinali858585
2020-08-03 10:01:21
Аллах ыраазы болсун баарыңар дан өтө чоң ишти аягына чыгардынар
+8
Kurmanbek_81
2020-08-03 10:05:38
Ылайым оору жок болуп, стационарлар гана эмес ооруканалар да бошоп калсынчы
+6
Asel69
2020-08-03 10:38:09
Жараткан Тенирим колдоп, жакшылыктар гана болуп турсун.
-7
Aika1988
2020-08-03 10:56:26
Аллахыма шугурлор болсун
+5
Aika1988
2020-08-03 11:00:02
Эч качан оорубаныздар кыргыз элим.Суйунучтун коз жашы аксын .эч качан кайгы болбосун.Бирок баары би эрежени сактайлы туугандар биротоло кутулганча..
+5
Tymar
2020-08-03 11:21:04
Жараткан Тенир колдосун элимди.
-5
airada
2020-08-03 11:27:33
Аллахыма шүгүрлөр болсун
+4
maks992
2020-08-03 12:33:45
Аллахыма чексиз шүгүрлөр болсун батыраак ушул оору кетсин Кыргызстан гүлдөп жайнай берсин
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан