Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун атасы каза болгондон кийинки абалын айтты

Орусиялык ММА мушкери Адам Яндиев UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен анын атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатында жолугушканын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Мен Абдулманап Нурмагомедовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн Дагестанга учуп бардым. Анын баласы, жакын досум Хабибдин көздөрүн көргөндө, бул көздөр жашоодогу эң жакын адамынан айрылып, аргасы жок болуп турганын билип, жүрөгүм сыздап жатты. Атаңды кайрадан кучактап, аны канчалык жакшы көрөрүңдү айта албай калганыңды түшүнүү абдан оор. Ата-энебизди, туугандарыбызды жана досторубузду тирүү кезинде сыйлап, коргошубуз керек", - деп жазган Яндиев.

Орусиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов 3-июлда Москвадагы ооруканалардын биринде коронавирустан каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Majit1975
2020-07-07 23:44:06
Яндиевтин түбү кыргызстандык болсо керек билишимче
+3
akmanai
2020-07-07 23:54:50
Темага карата суроо: Нурмагамедовдун атасы олгондон кийинки абалын кантип айтыптыр?)
+3
Shake_shake
2020-07-08 10:47:01
akmanai,ээ думбул айтып жатпайбы коздору эн жакын адамынан айрылып айласы кеткенин коргонун кандай тушунбойсун думбул!
+4
Bak.taalai
2020-07-08 13:35:46
Shake_shake,
0
akmanai
2020-07-09 00:18:59
Shake_shake,Биринчиден силерге эч Ким суйлобой эле. Экинчиден суроо только темага байланыштуу берилип жатат. Кыргыз тилиндеги создорун маанисин туура берууну унутпайлы деген эле ой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан