Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаары – 2;
Ош шаары – 3;
Баткен облусунда – 3;
Ош облусунда – 8;
Жалал-Абад облусунда – 3;
Чүй облусунда – 1;
Ысык-Көл облусунда – 2.
Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 3 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3437 катталса, алардын ичинен 3089 медкызматкер айыгып чыкты.