Орусиялык миллиардер Алишер Усманов коронавируска каршы күрөшүү үчүн коңшу Өзбекстанга 20 миллион доллар бөлдү

Өзбекстанда төрөлгөн орусиялык миллиардер Алишер Усманов коронавируска каршы күрөшүү үчүн коңшу Өзбекстанга кечээ, 31-мартта 20 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу жергиликтүү "Өзбекстан 24" телеканалы жазып чыкты.

"Белгилүү бизнесмен жана меценат Алишер Усманов коронавируска каршы күрөшүүдө өлкө башчынын аракеттерин колдоп, ооруканаларды заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн 20 миллион доллар бөлүп берди", - деп билдирген "Өзбекстан 24" телеканалы.

Орусиялык миллиардердин которгон каражаты Өзбекстандын "Кайрымдуулук жана ден соолук" коомдук фондуна которулган. Бул фонд Өзбекстан өкмөтүнө коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү учурунда каржылык жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
talas0707
2020-04-01 11:55:40
Биздин эн бай адамы Бабанов канча болду кыргыз эли учун?
+8
Milduri
2020-04-01 12:02:44
Биздин экс президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгын эки жарым миллиард доллар деп атышат эле ал дагы жакындарына айтып 5-10 миллион доллар бөлдүрүп койбойбу.
Бабанов да 5 миллион сом эмес доллар которсо жакшы болмок.
+8
assanov97
2020-04-01 12:25:21
Milduri,анын акчасы камактаго
+5
Islambek123
2020-04-01 12:06:55
Балли
+7
tina-Tin
2020-04-01 12:07:21
Салымбеков Бабанов 1млндон$ берсе да болот эле.
+9
Bars88
2020-04-01 13:11:04
tina-Tin,Ооба булар Кыргызстандан байышты.Усманов деген Россияда журуп байыган озбекстанда журбосо деле керек ошондо да жардам берип атат
+9
Nurik1988
2020-04-01 12:26:29
Биздикилерге берсен бербесен деле жеп койот. Самолёт кулаганда раза коп акча чогулган, ошол акчаны отчёт кылган жок бир бок курсактын чонтогуно тушуп калдыда
+5
bessmertiy
2020-04-01 13:00:29
13-мартта шайлоого үгүт иштери башталганда эл үчүн өлөм деп чыккандап вирус башталганда кумга сиңгендей жок го?
+5
Aimani
2020-04-01 13:01:31
Бизден ушундай миллионер меценаттар чыкпаганы өкүнүчтүү
+5
sirenaaaaa
2020-04-01 13:18:22
Aimani,Бизде деле Кудайга шугур, жардам кылып жатышат. М булак деген бир аппаратура, канчалаган тестке акча болду, дагы бироо 15млн сом болду, Бабанов 5млн сом, калгандары да аздан болсо да продукты таратышып, бири бирини кыйын кырдаалда колдоп жатышат. Жанагы уялган депутат биринчи баштаган, ага да рахмат.
+6
Krai
2020-04-01 13:46:58
sirenaaaaa, Бабанов 5 млн сом деп коюп 3млн эле которду го
0
bond02
2020-04-01 15:14:26
Чайхона номер 1дин хозяиниби бул?
+2
Arstan18.18
2020-04-01 16:01:40
bond02,ооба
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан