Орусиялык ырчы Лев Лещенко коронавирус менен жабыркап жатканы аныкталды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Буга чейин Лев Лещенко коронавируска шектелип ооруканага түшкөнү тууралуу маалыматтар тараган. Бирок ырчынын концерттик директору Олег Дмитриев мындай маалыматты четке кагып, Лещенко өзүн жаман сезгенине байланыштуу жубайы менен ооруканага текшерилүү үчүн барып, дарыгерлердин кеңеши менен жаткырылганын, бирок коронавирустан улам жаткырылбаганын билдирген.
Лев Лещенко 2020-жылдын 1-февралында 78 жашка толгон.