Кытайда сутка ичинде 9 адамдан коронавирус аныкталды

Кытайда бир сутка ичинде 9 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы берген маалыматка таянып, дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.

Маалыматта жазылгандай, вирустун алгачкы очогу болгон Кытайда сутка ичинде 9 адам коронавирус оорусуна кабылган. Алардын ичинен 6 адам инфекциянын симптомдору жок алып жүрүүчүлөр. Ооруканадан 42 бейтап айыгып чыккан.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кытайда 84 миң 950 адам вируска кабылса, 79 миң 802 бейтап оорудан сакайса, 24 миң 641 адам каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан