Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев суракка чакыртылды

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Финпол тарабынан жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн алкагында суракка чакыртылды. Маалыматты Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги айрым кызмат ээлеринин кээ бир фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөп, коррупциялык иштерге баруу фактысы аныкталды. Суракка мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев чакыртылды. Учурда аталган факты боюнча иш иликтенүүдө", - деп айтылат маалыматта.

31-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде коронавирус жугузуп алган жарандарды өз маалында аныктабагандыгы үчүн тиешелүү мекеме жетекчилерин сынга алган. Ошонун эртеси эле 1-апрелде Космосбек Чолпонбаев ээлеген кызматынан бошотулган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ZUXRIDDIN20
2020-07-06 14:24:32
Онуда камап жок кылгыла эми.
-10
toktor89
2020-07-06 14:36:04
ZUXRIDDIN20, халтурщик болсо эмне трого олтургузуш керекпи сенин оюн боюнча?
Куноокорбу камасын элдин канын соргон шакалдар
+8
Aziyat
2020-07-06 14:28:38
Суперчилер, рекламаңар тойгозду го. Жок дегенде мына экрандык бетине чыгып калганды алып койгулачы. Ушул менен байып кетсеңер дагы. Бирнерсе окуйбузбу же реклама көрөбүзбү
+26
nazi25
2020-07-06 14:57:53
Aziyat,туура айтасың.Тойгозду рекламалары.
+16
tokur60
2020-07-06 14:32:37
Жип минген министрге сабак болсун, пандемиянын алдын албаган элдин ден соолугунан оз кызыкчылыгын жогору койгон. Жумушуна шалаакылык кетирген. Жооп берсин. Колдон келбеген ишке башкаларга сабак болушу керек, кызмат берсе эле кете бербей. Иштеймин дегендерге орун жок, тааныш, билиш Качан токтойт.
+7
nurgaz
2020-07-06 14:39:20
Вирус жок маалда вирус бар деп жалган эле карантин кылып элди ач калтырды, чындап вирустун келгенине бир ай болду эми карантин кылса жарашат.
+3
-BOSS-
2020-07-06 14:56:02
Президент бул кишиге январда тапшырма берген, кенебестиктин айынан ушул күнгө келип олтурабыз. Бул кишини дагы катуу текшериш керек, айлыгы аз бирок минген машинасы 79 миң доллар.
+6
nurikkg90
2020-07-06 14:59:59
бул киши картан эле киши беле ооругандарга 3мин $га чейин кетип атат деген ушулбу
-2
nnn.sss
2020-07-06 17:47:28
Ушул учурдан пайдаланып жегичтерди кармап, камаса болмок, чек аралар жабык кача алышпайт болчу эч жака
+4
Adil18
2020-07-06 18:57:27
Космосбек Чолпонбаевди созсуз камоо керек.Ал саламаттыкты сактоо тармагын козомолдобой эле жеке озунун кызыкчылыгын ойлоп айлык алып кун кечирген адам болчу.Созсуз камалышы керек.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан