Ысык-Көлдүн Тоң районунда 9-июль күнү саат 10:00 чамасында Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында Volkswagen Passat унаасы менен Шахман оор жүк ташуучу унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 2 эркек жана бир аял каза болуп, дагы 3 өспүрүм ар кандай жаракат алышкан. Окуя болгон жерге ӨКМнын Балыкчы шаардык бөлүмүнөн 4 куткаруучу, "Тез жардам" жана ИИМдин кызматкерлери барышкан.
Куткаруучулар каза болгондорду унаадан чыгарышып, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган өспүрүмдөрдү "Тез жардам" кызматы шаардык ооруканага алып кеткен.