Муфтият азыркы абалга байланыштуу түлөө өткөрдү

Бишкектеги борбордук мечитте муфтият тарабынан учурда ооруп жаткандардын сакайып кетүүсү үчүн курмандык чалынып, түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Ага муфтий Максатбек ажы Токтомушев катышып, өз сөзүнда мындай түлөөнү бардык облустарда өткөрүүнү ниет кылып тургандарын айтканы маалымдалат.

"Түлөө - каада-салтыбызда да, динибизде да кыйынчылык учурда өткөрүлөт экен. Баарыбызга жакшы күндөр, жакшы сааттар насип этсин! Коронавирус, пневмония, бардык оорулар башыбыздан узак болсун. Дубалар кабыл болсун", - деген муфтий.

Муфтият азыркы абалга байланыштуу түлөө өткөрдү
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан