"Бүгүн элибиз Чубак устаздан айрылган жок, дин илиминен айрылды...". Дин аалымы Абдишүкүр Нарматовдун эскерүүсү

Кыргыз эли бүгүн экс-муфтий, белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловду жоктоп, ыйлап жаткан кези. Кыйын кезең болуп жаткан чакта мындай жоготуу элибизге өтө оор болду. Социалдык тармакта аалымдын замандаштары эскерүү постторун байма-бай жазып жаткан кези.

Дин аалымы Абдишүкүр Нарматов социалдык тармактагы баракчасына төмөндөгүдөй эскерүүсүн калтыргын.

"Илим жөндөн-жөн жоголбойт, аалымдардын кетүүсү менен жоголот", "Устаз, өзүңүзгө жакшы караңыз, сиз үммөткө керек адамсыз..." Чубак устаздын мага айткан акыркы сөзү ушул болду. Саат сегизде сүйлөштүм эле, "мен жакшымын, өзүңүзгө караңыз, үммөткө керексиз" деп менин көңүлүмдү жубаткан. Көп өтпөй суук кабар келди...

Бүгүн элибиз Чубак устаздан айрылган жок, дин илиминен айрылды, диндин туусун көтөргөн мураскордон, пайгамбардын мураскорунан айрылды. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Аллах Таала дин илимин жөн эле көтөрүп кетпейт, аалымдардын өмүрүн алуу менен көтөрөт", - деген.

Бүгүн Орто Азия эле эмес, бүт Ислам дүйнөсүнө белгилүү аалымыбыздан айрылдык. Баарыбыз Аллахка таандыкпыз, баарыбыз Ага кайтабыз. Аллахтын тагдырына ыраазы болобуз, Аллахты ыраазы кыла турган сөздү гана сүйлөйбүз. Мындан башка аргабыз да жок. Устазды эскерип, анын эл үчүн, дин үчүн жасаган ат көтөргүс эмгегин жазсаң жыйнак-жыйнак китеп болору чын. Бирок азыр оозума бир ооз сөз келбей, айтарга сөз таппай отурам...

Устаздын үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакын санаалаш досторуна, илимин алган шакирттерине, кыргыз элине жана жалпы мусулман үммөтүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. "Аалым кетсе анын орду бош калат, канча күн чыгып, канча күн батпасын ал боштук толбойт". Кылымда бир жаралган аалымыбыздын барар жери бейиш болсун. Аллах Таалам билип-билбей кетирген күнөөлөрүн кечирсин. Устазыбыздын жайдары жүзү, уккан жанды бир жылмаюуга аргасыз кылган куйкум сөздөрү, жүрөк түпкүрүнө барып жайгашкан орундуу сабактары ар дайым элесибизде сакталат. Кайрат кыл, кыргыз элим, жамандыктын арты ушул болсун...".

Чубак Жалилов пневмония илдетинен көз жумду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
mirana9395
2020-07-11 12:43:41
Эч эле ишенбей турам жалган болуп калса экен деп.журогум кайра кайра кайталап атат.Ажыке жаткан жериниз жайлуу болсун.Аллахым бейишинизди берсин.
+11
aza84
2020-07-11 13:14:34
Ушу дан көрө Сороновируска жукса болмок
-11
SHAHDAR
2020-07-11 13:31:15
aza84,
Ушуну жазгандан уялсан боло. Кантип бирооно жамандык тилеп жатасын. Анын да балдары туугандары бар. Ал да пешенеси саждага барган мусулман бир тууганын. Абайлап суйлогуло.
+8
Dushabolna
2020-07-11 13:33:15
Абдушукур ажы, Максат ажы дагы башка аалымдарыбыз сиздер Аман болунуздар Эми.
+6
talas0707
2020-07-11 13:43:29
Суперчилер Ажы деп кошуп койсонор урмат коргозуп озгочо автор
+8
Suzak12
2020-07-11 14:30:29
Аллахым бейиштин торунон орун берсин устазга.Амиин.
+1
rola
2020-07-11 14:44:15
Оо Кудай ай эч эле ишене албай турам.Тан атпай суук кабарды угуу озу жаман болду.Журогум эч эле ордуна келбей атат.
+1
infomit
2020-07-11 15:39:48
Эскерүүгө жакшы нерселер эле болсун. Көзү өткөндө жакшы киши эле дебей, көзү өткөнчө ал-ахыбалын сурап, 10-12 күн ооруп жаттым деп жатат,ооруп жаткандакөпчүлүк байланышыптыр, С витамин сураптыр, адресин так айтыптыр, алдын алып сактап калса болот беле. Азыр корновирустан, пневманиядан алдын алып сактап калса болуп жатат, өтүшүп кетпесе эле. Өтүшүп кетсе, абалы оорлошсо больницага алпарса да сактап кала аблайт. Жаткан жайы жаннатан болсун. Жакындарына көңүл айтабыз. Аллах сабр берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан