Ала-Бука районундагы райондук аймактык ооруканадан коронавирус илдети аныкталган 85 жаштагы бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бейтаптын айтымында, анда оору эч кандай белгиси жок өткөн. Ал жөтөлгөн да эмес, дене табы да көтөрүлбөгөндүгүн айтат. Болгону өзүнүн, туугандарынын ден соолугу үчүн санаа тартып стресс болгонунан алсыздык байкалган. Бейтап март айында кичи ажылыктан келген. 13-мартта учак Бишкекке келип конору менен ал келген каттамдагы бардык жүргүнчүлөрдөн ПЦР-анализ алынган жана анын жыйынтыгында ападан коронавирус бар экендиги аныкталып, ооруканага жаткырылган. Аны коштоп жүргөн келиндин тести таза болуп чыккан, ошентсе да коопсуздук үчүн ал үй-бүлөсү менен Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айылында лицейдин имаратына уюштурулган 100 орундуу обсервацияга жаткырылган. Учурда үй-бүлөнүн бардык мүчөсү өзүн жакшы сезүүдө жана карантиндин бардык эрежесин сактап келет.
26-апрелге карата Ала-Бука районунда коронавирус жуктурган 13 бейтап бар. Алардын көпчүлүгүндө оору белгиси жок, жеңил өтүүдө. Бактыга жараша оор абалдагылар жок.