Улуу Британияда супермаркетте иштеген кызматкер ханзаада Чарльз менен жолукканда эс-учун жоготуп жыгылды

Улуу Британиядагы "Asda" супермаркетинин кызматкери ханзаада Чарльз жана анын жубайы менен жолугушуп, британ тактысынын мураскору менен сүйлөшүп жатканда эс-учун жоготуп жыгылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ханзаада Чарльз кызматкерлердин биринин жанына барганда, ал эс-учун жоготуп койгон. Жанындагы адамдар ага жардам беришип эсине келген, ал кийинчерээк падышанын үй-бүлөсүнүн мүчөсү менен сүйлөшүп, ага "сизге чоң рахмат" деп айткан.

Ханзаада Чарльз супермаркетке 9-июлда коронавирус пандемиясында иштеген кызматкерлерге ыраазычылык билдирүү үчүн барганы белгилүү болду.

Ханзаада Чарльз менен жолуккан жаран эс-учун жоготуп жыгылды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан