Сеулда дарыгерлер коронавирусту атайын алачыктарда текшерип жатышат. Бул тууралуу абалды чагылдырган видео, сүрөттөр тарап, маалымат булактары жазышууда.
"Шаардагы ооруканалардын биринде дарыгер жана бейтаптын байланышсыз текшерилишин шарттаган атайын алачыктар орнотулган. Ал ачык тунук болуп, адис менен бейтап бири-бирине көрүнүп турат", - деп айтылат маалыматта.
Текшерүү процессинде бейтап алачыкка кирип, дарыгерлер колдоруна атайын мээлей кийип, бет кап тагынышат. Ар бир жаран текшерүүдөн өткөндөн кийин, алачыкты дезинфекциялап чыгышат. Ал эми бейтап менен дарыгер жакындан байланышпай, телефон аркылуу сүйлөшөт.