Бүгүн, 12-июлда Орусиядан Бишкекке дагы ыктыярчы медкызматкерлер келишет. Алар пандемия шартында борбор калаадагы кесиптештерине көмөктөшмөкчү.
Мекенине кайтып жаткан дарыгерлер, медайымдар тууралуу билдирүүнү журналист Мирбек Молдакунов жазып, жалпысынан 50 медкызматкер сапарга чыкканын айтат.
Ошондой эле чартердик каттам менен Бишкекке чет өлкөдө жүргөн кайрымдуу жарандарыбыз тарабынан чогулган дары-дармектер жөнөтүлдү.
Буга чейин Орусияда иштеген кыргыз дарыгерлери борбор калаадагы кесиптештерине жардам берүү үчүн келгени кабарланган.