Сутка ичинде 5 медицина кызматкери каза болду

Акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медицина кызматкери каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн брифингде айтты.

"Беш медицина кызматкери каза болду. Анын ичинен төртөө дарыгер жана бирөө медициналык кызматкер.

Коронавируска кабылган дарыгерлердин саны өсүүдө. Себеби алар күнү-түнү иштеп жаткандыгына байланыштуу и
ммунитети төмөндөп, ооруну көп жуктуруп алып жатышат. Адамда иммунитет алсыз болсо оору бат жугат. Дарыгерлер дагы адам да. Алар күнү-түнү элди кабыл алып дарылап жатышат. Бул дагы иммунитеттин төмөндөшүнө алып келет", - деди Акматова.

Акыркы сутка ичинде илдеттен 44 адам каза болду, анын ичинен 5өө ак халатчандар
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aika1988
2020-07-13 12:03:55
Кандай вируска кабылды кыргыз элим эми медицина кызматкерлери аман болсун алар азайса элди ким карайт оо жаратканым өзүн сактай көр элимди вирус токтосо экен
+8
muras111211
2020-07-13 16:46:20
Анын ичинен тортоо дарыгер ,бирөө медиц.кызматкер кандай түшүнсө болот.
0
Nuri1988Elim2010
2020-07-14 10:05:57
Кечээ келиними больницадан чыгарганы барып калдык, өзү да төрөгөндөр көп экен обедге чейин күтүп отурдук, анан эле бир убакта бир медицина кызматкери кыйкырып калды, баарыңа вирус жугуп кырылып калсаңар экен, ошондо азаймакпыз деп, түшүнбөй деле калдык сиз ушинтип турсаңыз эл кайда барат десек, ошондо жакшы болот эле, силерди коргоп качанга чейин жүрөбүз дейт,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан