Көбүндө илдеттин белгилери жок болууда. Кытайда сутка ичинде 33 жаран коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

Кытайда коронавирустун экинчи толкуну башталып, сутка ичинде 33 жарандан инфекция аныкталды. Илдет аныкталган бейтаптардын ичинен 31 кишиде оорунун белгилери жок өтүп жатат. Мындай маалыматты аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо мамлекеттик комитети билдирди деп жазышат чет элдик басылмалар.
Белгилүү болгондой, сутка ичинде 5 бейтап оорудан айыккан, ал эми каза болгондор катталган жок. 24 жаран карантинден чыгарылды.
Бүгүнкү күнгө карата Кытайда ооругандардын жалпы саны 84 миң 63кө жетип, анын 79 миң 310у илдеттен арылса, 4 миң 638 бейтап каза болгон.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jibakana
2020-05-21 09:29:45
ООО Кудаааай бул оорудан кутула турчу Кун качан келел?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан