Улуу Британияда коронавирустан бир сутка ичинде 85 бейтап каза болду. Бул көрсөткүч менен Улуу Британияда бул илдеттен улам каза болгондордун жалпы саны 45 миң 50 адамды түздү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.
Анда айтылгандай, акыркы бир суткада дагы 358 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталган. Муну менен өлкөдө вирус менен күрөшүп жаткандардын саны 292 миңге жетти.
Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзүндө бул илдетти жуктургандардын саны 13 миллиондон ашса, 580 миңден ашуун бейтап каза болду.