Бүгүн, 27-июлда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун экинчи туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, абитуриенттер сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү 29-июль саат 14:00гө чейин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан https://2020.edu.gov.kg/ системине катталып, бере алат.
II тур бүткөн соң, үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун тастыктоосу зарыл.
III тур 3-5-август күндөрү өтөт. Абитуриенттер 5-август, саат 14:00гө чейин өтүнмөлөрдү тапшырып бүтүшү шарт.
Абитуриенттерди онлайн кабыл алуу биринчи кезекте пандемия учурунда болочок студенттердин коопсуздугун камсыздайт жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербейт. Мындан сырткары, адам факторун жоюу аркылуу кабыл алуунун объективдүүлүгүн камсыз кылат.