Базар-Коргондо сел жүрүп, 7 турак үйдү каптады (сүрөт)

Бүгүн, 16-июлда саат 15:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жаап өткөн жамгырдын улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Арсланбап айылында жайгашкан 7 турак үйдүн ичине кирген жана ички чарбалык унаа жолдорду каптаган.

Селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларын жүргүзүүгө 1 ыкчам топ, 20 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 70 киши тартылды", - дешти мекемеден.

Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ainura220888
2020-07-16 22:14:43
Жаман болуптур.
+1
rola
2020-07-17 21:42:15
Айттырбай келген кырсыктан бир Алла сактасын.Озу дагы аябай кыйналып жашаган адамдардын уйлору окшойт.Иилгерки заманды элестетип кеттим.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан