"Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылынын тургуну райондук оорукананын дарыгерине карата арыз жазды. Бул арыздын негизинде текшерүү иштери башталды", - дейт Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы.
Аталган айылдын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 2-май күнү Т.Ш. жана А.Ж. аттуу дарыгерлер арыздануучунун үйүнө келишип, баласынан коронавируска кайрадан анализ алышарын айтышкан.
"Мен баламды Чаткал райондук ооруканасына алып келсем эпидемиолог оорукананын короосуна киргизбей туруп, анализдин жыйынтыгын көрсөткөн. Бул учурда жанымда кошуналарым болгон. Анализдин жыйынтыгын кошуналардын көзүнчө жарыялап жибергендиги боюнча мыйзам чегинде чара көрүп бериңиздер", - деп кайрылган.
Бул арыз Чаткал РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 83-берене (дарыгердик сырды ачыкка чыгаруу) менен катталып, сотко чейин өндүрүш иши ачылды. Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат деди мекеменин басма сөз өкүлү.
Окуянын чоо-жайы:
2-майда медициналык кызматкерлер Каныш-Кыя айылына барышып, коронавируска шектелген жарандан анализ алмакчы болушкан. Кызматкерлер үй ээсинен ПЦРге анализ алайын деп жатканда, анын эки кошунасы келип "анализ албайсыңар, андай оору жок" деп лаборантты жакалап түртүп, сыртка чыгарышкан. Андан кийин башка медициналык кызматкерлерди дагы сыртка чыгарып, уят сөздөр менен сөгүшкөн.
Ал эми үйдүн ээси баласын "ооруканага жаткырбайм" деп каршылык кылган. Дарыгерлер окуя тууралуу милицияга кабар беришкенден кийин каршылык көрсөткөндөр жана медициналык кызматкерлерге асылган жарандар обсервацияга жиберилген. Бул факты боюнча чара көрүп берүү үчүн А.Г. аттуу дарыгер арыз жазган.