Бүгүн, 5-апрелге карата өлкө ичинде коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 147ге жеткенин министр маалымдады. Айтымында анын ичинен 8 адам айыгып чыккан. 5 бейтаптын абалы оор, экөө жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов облустарга карата бейтаптардын санын айтып өттү.
Бишкек шаарында – 20,
Ош облусунда – 47,
Баткен облусунда – 3,
Жалал-Абад облусунда – 67,
Чүй облусунда – 4,
Ысык-Көл облусунда – 2,
Нарын обслусунда – 4.