Дубай-Бишкек багытындагы учак менен чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандары өлкөгө кайтып келишти

Бүгүн, 17-июлда Дубай-Бишкек багыты боюнча чартердик каттам менен Бириккен Араб Эмирликтеринен 159 Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келди. Маалымат республикалык штаб тарабынан кабарланды.

Бул каттам менен АКШ, Канада, Улуу Британия, Ооганстан, Египет, Корея Республикасы, Вьетнам, Япония, Мальдив жана Бахрейндеги мекендештер келишти. Алар транзиттик каттам менен Дубай аэропортуна келишкен. Жүргүнчүлөр Дубай шаарындагы аэропортто каттамга каттоо алдында коронавирус инфекциясына экспресс-тест тапшырышып, алардын жыйынтыктары терс натыйжа көрсөткөн.

"Дубай-Бишкек багыты боюнча кийинки каттамдар 24-31-июлга пландаштырылган, бул каттам менен өлкөгө Кыргыз жарандары кайта алышат. Ошондой эле жарандар авиабилеттерди сатып алууда түздөн-түз авиакомпаниялардан Дубай шаарындагы транзиттик каттамдардын камсыздалышын жана каттамдын уча турган уруксатын тактоолору керек. Дубай аэропортунда транзиттин болуусу, Бишкек шаарында ташып чыгарылуучу каттамдын учуп чыгуусуна чейин 24 сааттан ашпоосу керек", - дешти штабдан.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан