Учурдагы кырдаалды эске алып жана ыксыз ашыкча чыгымдарды кыскартуу максатында Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагында жакшы жөрөлгө башталды. Анда айыл тургуну жолдошунун жылдыгынын ордуна айылдын жолун оңдоп берген. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.
"Аталган айыл аймактын тургуну, баатыр эне Айша Матаева эженин демилгеси менен күйөөсүнүн жылдыгын өткөрүүнүн ордуна Эрдик айылынын 4,5 чакырым жолун сүрдүрүп, шагыл төгүп, оңдоп беришкен. Башка жарандарга да үлгү болуучу бул демилгени Айша апа көтөргөнү менен куру намыска алдырышпай, соопчулук иштерди баштаган маркумдун балдарынын демилгесин алкагандар болууда", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев ЭлТР каналы аркылуу брифинг учурунда тургундарга "ыксыз чыгымдардан качып, аны ден соолугуңузду бекемдөөгө, балдарыңыздын келечегине сарптаңыздар" деп кайрылып, карантиндик талаптарды бузбоого чакырган.