Премьер-министр медициналык мекемелерге борборлоштурулган кычкылтек киргизүү тапшырмасын берди

Күндүзгү жана түнкү стационарларга, ооруканаларга борборлоштурулган кычкылтек киргизүү иштерин максималдуу түрдө тез арада жүзөгө ашыруу керек. Мындай тапшырманы тармактык мамлекеттик органдарга премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.

«Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги борборлоштурулган кычкылтек киргизүү үчүн өлкө аймагындагы ооруканаларга ревизия жасап, схемасын түзүү керек. Ушундай эле иштерди Бишкек мэриясы да жүргүзүүсү зарыл. Өзгөчө жандандыруу бөлүмү ачылган медициналык мекемелерге тез арада кычкылтек киргизүү зарыл», - деди өкмөт башчы.

Муну менен катар ооруканалар жана стационарларды кычкылтек менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн Жалал-Абад облусундагы «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧКсынын өндүрүш көлөмүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасы берилди.

«Заводдон өндүрүлгөн кычкылтекти ташууда коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурулсун. Аймактарга жеткирүү шарттары комплекстүү түрдө каралууга тийиш», - деп кошумчалады Кубатбек Боронов.

Жыйындын жүрүшүндө ооруканалардын жандандыруучу блокторун электр энергиясынын альтернативдүү булагын түзүү - генераторлорду орнотуу ишин күчөтүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигине медицина кызматкерлерин сапаты жогору болгон жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылууну катуу көзөмөлгө алуу милдеттендирилди. Тармактык мамлекеттик органдарга медициналык каражаттар менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана алардын запасын түзүү боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
turmus
2020-07-19 13:15:21
Ушуну январь айында жасачу иш эле да чынында. Ар бир болницага жасап коюш керек эле да. Аябай деле коп чыгым талап кылбайт. Тем более сваршик таап колго деле жасап койсо болоор эле да. Туштон кийин тапшырма бере калат.
+5
turmus
2020-07-19 13:17:27
Жакшы сваршикке 3000 доллар берсен ошол акчага материал алып жасап койчу эле нерсе экен. Коп деле мээни талап кылбайт экен.
+3
turmus
2020-07-19 13:33:50
Тигинде дагы сенден чонураагы журот. Элдер колун жуубай коюп ушул кун болду деп. Акмак экенинерди толук корсоттунор.
+4
tina-Tin
2020-07-19 13:57:07
Бугун статистика жокпу.
0
Zake007
2020-07-19 15:38:36
tina-Tin,воскресенье
0
Nur777
2020-07-19 14:25:41
Бугунку корсоткучкор кана?
0
modem4999
2020-07-19 16:26:32
Эрте эмеспи?
0
sely
2020-07-20 01:39:37
Качан болбосун Тапшырма берилди кол коюлду буйруса баары жакшы болот суйлошуулор журуп жатат кенешме болуп отту эки тарап суйлошуулорду жургузуу учун жолугушуу белгиледи эээляяя нымтырактар качан так так ушул иш жасалды многуну койдук деп игинерди корсотосунор. Болгону тез жардам унаа алдынар ар биринен 40 доллардан жеп.
0
ainura220888
2020-07-20 07:01:06
Эртеби кечби хоть бериптир. Ушу биздин минздравка кичине мээми тайкы кишилер келеби деймда. Кантип ушул больницаларда кислородная станция жок деп мээм калбады ойлоно берип. Эми да болсо баардык больницаларга курсун былжырап журо бербей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан